Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кырдаалды башка күчтөр пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 265 | 0
Бишкек, 18-май, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдик студенттерге карата жасалган окуя боюнча 20-майда билдирүү жасады. Анын видеокайрылуусун маалымат катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.

Садыр Жапаров бул окуяда жаштар чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, меймандос элдин кадыр баркына шек келтиришкенин айтты.

13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылып жаткан учурда социалдык тармактарда куру намысты козгогон билдирүүлөр чыкканын сындады. Аны бийликке жетпей калгандар атайын чагым кылышканын белгиледи.

«Калп-чыны аралаш ар кандай боектор сүртүлүп, видео материал жайылткандардын кесепетин көрдүк. ИИМ окуянын себепкерлерин кармап, чара көрүп жаткан. Бирок бул кырдаалды башка күчтөр пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.

Күч органдарына окуяны көзөмөлгө алууну тапшырып, көзөмөл кылып турдум. Башталышында стунденттер жашаган жерге кол салып жиберген тентектер болду, алар жоопко тартылат. Эми тартипти орнотобуз. Биз дагы патриотпуз, өлкөнү өнүктүрүүгө бардык аракетти көрүп жатабыз. Бирок өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт, ал үчүн сот бар» , — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы бул окуядан бийлик сабак алганын, эл да сабак алышы керектигин айтты. Мындан ары ушундай окуя болгондо дароо эле күч органдары катуу чара көрөрүн, бүгүнкү күнү күч органдары алсыз эмес экенин белгиледи.

«Бардык өлкөлөр сырткы мамлекеттер менен байланышта жашайт, бул өнүгүүнүн классикалык түрү. Кыргызстан да ушундай жолго өткөн. Туристтерди тарталы деп жатабыз, бирок келген ырыскыбызды тээп жаткандай сезилет. Биздин да балдарыбыз чет жакта жүрөт. Алар да ушундай мамилеге учурап калышы мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы. Сырттан келгендер билиа алып, иштеп, акыры өз мекенине кетет. Ошолордун калтырган каражатынан салык төлөнүп, ишкерлер пайда таап жатканын, экономикага миллиарддаган акча түшүп жатканын кантип билбейсиңер?» , — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстанда 6300дөн ашуун жумуш орду бош турганын айтып, алдыңкы убактарда он миндеген жумуш орду түзүлөрүн кошумчалады. Өлкөдө жумушчу күчү жок болгондуктан ишкерлер чет жактан алып келүүгө мажбур болуп жатышканын, эгер азыр алдары ишке албай коюп, жумуш токтосо, экономика токтой турганын кошумчалады.

Бириккен Арап Эмираттарында жергиликтүү калктын саны 1 млн адам, чет жактан баргандар 7 млн адамды түзөрүн мисал келтирип, Кыргызстанда чет жактан келип иштеп жаткан эмгек мигранттарынын саны 5322 адам, чет жактарда жүргөнү миллиондон ашык экенин айтты.

Бишкекте 18-майга караган түнү пакистандык студенттер жашаган жатаканага кол салуу болуп, анда 30га жакын чет өлкөлүк студент жабыркаган. Учурда 14 адам дарыланууда.

18-майда окуядан жабыркаган 140 студент жана 40 чакты эмгек мигранты атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен. Учак Лахор шаарына барып конгон.

Бишкек шаарынын милициясы калаада абал туруктуу экенин, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 17-18-май күндөрү чет өлкөлүк жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу Бишкек гарнизонунун өздүк курамы 2,5 миңден ашуун элдик кошуундар менен бирге туруктуу негизде алдын алуу иштерди жүргүзүп коомдук тартипти жана жарандардын, чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM