Биз менен байланышыңыз

21-майдын аба ырайы

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 448 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22

Баткен жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.  Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүзгү +20…+22° жылуу болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM