Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроо» өтө турган күнү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө автоунаа бербөө сунушталды

Кыска кабар | 20 мая 2024 | 589 | 0

Акыркы коңгуроого арналган иш-чараларда мектептерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 20-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтты.

Ал бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине ар кандай кырсыктарды болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелерине кайрылып, 25-майда “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы өтө турган күнү балдарына автоунаа бербөөнү суранды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиевдин айтымында, акыркы коңгуроо жана коопсуздук үчүн жоопкерчилик мектеп жетекчилерине жүктөлөт.

Министрлик быйыл да мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынганын эскерткен.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күнү-түнү күзөт уюштурат. Мектептердин аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

Билим берүү министрлиги бул буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн экенин билдирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM