Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги: Эттин баасы турукташа баштады

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 222 | 0

Өлкө аймагында этке болгон баа турукташа баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда эттин дүң баасы облустар жана соода түйүнүнө жараша 480 сом жана андан жогору болууда.

«Акыркы күндөрү базар, соода түйүндөрүндө этке болгон баа кымбаттаган. Буга байланышту Ветеринардык кызмат ыкчам чараларды алып барып, анын жыйынтыгында учурда базарларда этке болгон дүң баалар турукташып жатат» , — деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жума сайын жүргүзүлгөн баа мониторингинин жыйынтыгында, 2024-жылдын 7-августунан 5-сентябрына чейин кой этинин орточо баасы 2,3%га жогорулаган, бир килограммы 564,7 сомдон  577,5 сомго кымбаттаган.

Уй этинин баасы 5,3%га кымбаттап,  573 сомго чейин көтөрүлдү. Эттин баасы алыскы аймактарда 600 сомго чейин жетти.

Copyright © 2017 Maral FM