Биз менен байланышыңыз

Ташиев «Ата журт» партиясы шайлоолорго катышпай тургандыгын билдирди

Кыска кабар , Саясат | 16 Сен 2024 | 253 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Ата журт» партиясы 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана 2026-жылы боло турган парламенттик шайлоого да катышпай тургандыгын билдирди.

Анын себебин мындайча түшүндүрдү: «Ата журт» партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып, партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат. «Бийликте туруп бардык аймактар боюнча партиясын өткөрүп келип алды» деген сөздөн алыс болуш үчүн ушундай кадамга бардым», — деп жазган Ташиев.

Ташиев жер-жерлерде депутат болууну каалаган талапкерлер «Ата журт» партиясы менен катышуу тууралуу деген пикирлерин билдирип, айрым жердерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатканын кошумчалады.

Арасында көпчүлүгү мурдагы бийликтин партиясы менен депутат болуп жүргөндөр экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров  «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка 6-сентябрда кол койгон.

Административдик аймактык реформага байланыштуу Бишкек, Ош шаарларынын жана жети облустун жергиликтүү кеңештин депутаттары таратылат.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу менен түзүлөт.Шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештерге мандаттардын санын аныктоонун эрежелерин жана шайлоо округдарын түзүүнүн эрежелерин жер-жерлерде түшүндүрөт.

Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештери — 45 депутатка мандат берилсе, калган аймактарда калктын санына жараша каралат. Эгерде 6 миңге чейин калкы бар аймакка 11 депутат, 6 миңден жогору 20 миңге жейин болсо, 21 мандат берилет. Ал эми 20 миңден жогору болсо 31 депутатка мандат берилет.

Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын өзгөртүү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, 2-августта президент кол коюп, күчүнө кирген.

Copyright © 2017 Maral FM