Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 143 | 0

Ош шаарында 16-сентябрдан тарта «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

«Коопсуз шаар» долбоорунун атайын аппараттары жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салынат.

Жолдордун кесилиштерине орнотулган камера ылдамдыкты ашыруу, маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учур, каршы жол тилкесине чыгуу, коопсуздук курун тагынбоо, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда, жол белгилерине маани бербөө, туура эмес жерге  токтоо сыяктуу эреже бузууларды каттайт.

Эреже бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM