Биз менен байланышыңыз

Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2024 | 231 | 0

Кыргызстандын күрөш федерациясына Эркин Тентишев президент болуп шайланды. Аталган федерациядан билдиришкендей, жетекчини шайлоого байланыштуу кезексиз жыйын 14-сентябрда өттү.

Быйыл 5-сентябрда Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кеткен. Ал федерацияны жетектеп турган учурда кыргызстандык балбандар 6 жайкы олимпиадалык оюндарга, Азиянын 5 оюндарына катышканын айтып, кызматтан кетүү себебин жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотууну көздөгөнү менен түшүндүргөн.

Күрөш федерациясынын жаңы президенти Эркин Тентишев 62 жашта. Ал Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айылчарба институтун, Кыргызстандын Эл аралык университетин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Кыргызстандын Пакистандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, ушул эле өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башкы консулу болгон.

Э.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Мындан тышкары, Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM