Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан казакстандык улакчыларды «Биримдик» кубогуна чакырды

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2024 | 359 | 0

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын көк бөрү жана көкпар боюнча улуттук курама командаларын 1-ноябрда Чолпон-Ата шаарында боло турган «Биримдик» кубогуна чакырды.

Бул тууралуу көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев маалымат жыйында билдирди.

«Казакстан тарапка биз чакыруу жолдодук. Бул эми оюн, спорт. Айрым жагдайлар эки элдин ортосуна бүлүк салбашы керек. Биздин максат көк бөрүнү дүйнөгө таанытуу. Ошондуктан эки элдин ынтымагы үчүн амбицияны сыртка таштап, бардык кадамга барганга даярбыз», — дейт Рамис Жунусалиев.

Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын көк бөрү жана жер улак (көкпар) боюнча улуттук курама командалары Казаксатандын көк бөрү жана жер улак (көкпар) боюнча улуттук курамасы менен финалдык беттеште кез келген.

Көк бөрү боюнча финалдык беттеште кыргыз оюнчулары казакстандык оюнчуларды 10:4 эсебинде уткан.

Ал эми жер улак (көкпар) боюнча финалдык беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыгып, кошумча берилген 10 мүнөттүк убакытта казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, кыргыз тарапты уткан.

Оюндун биринчи бөлүгү аякташына 6 мүнөт калганда эсеп 3:1 болгондо, казак оюнчусу Улан Байтөреев Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберди. Ушундан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, оюн 15 мүнөттөн кийин улантылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM