Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Борбор Азия – Германия» президенттеринин жолугушуусуна катышат

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 167 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда «Борбор Азия – Германия» мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстанга иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Германиянын  Федералдык канцлеринин экинчи жолугушуусуна катышат.

Тараптар аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, Борбор Азия аймагынын Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.

Ошондой эле президент Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын Германия ишкерлери менен жолугушуусуна катышат.

Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу, ошондой эле канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM