Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Пакистан алакасы: кеткен студенттер кайра келеби?

Дүйнө , Коом | 20 мая 2024 | 673 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү чет элдик студенттерге карата жасалган окуя боюнча билдирүү жасады. Анда жаштар чагымчылдарга жетеленип, меймандос элдин кадыр баркына шек келтиришкенин айтты. Ошондой эле күнөөлүүлөр табылып, жоопко тартылаарын да белгилеп өттү. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууланып, ар кандай сын-пикирлерди жаратууда. Ал арада көпчүлүк пакситандык студенттер окуядан кийин өз өлкөлөрүнө кете баштады. Билим берүү министрлиги алардын окуусу жана сынактары онлайн режимге өткөндүгүн билдирди. Талдоочулар бул окуя эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине да доо кетиргенин айтышууда. Мындан ары эки өлкөнүн мамилеси кандай уланышы керек? Пакистандык студенттер күзүндө жаңы окуу жылында кайра Бишкекке келип окууларын улантабы? 

 Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдик студенттерге карата жасалган окуя боюнча билдирүү жасады. 13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылып жаткан учурда социалдык тармактарда куру намысты козгогон билдирүүлөр чыкканын сындады. Аны бийликке жетпей калгандар атайын чагым кылышканын белгиледи.

«Калп-чыны аралаш ар кандай боектор сүртүлүп, видеоматериал жайылткандардын кесепетин көрдүк. ИИМ окуянын себепкерлерин кармап, чара көрүп жаткан. Бирок бул кырдаалды башка күчтөр пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.

Күч органдарына окуяны көзөмөлгө алууну тапшырып, көзөмөл кылып турдум. Башталышында стунденттер жашаган жерге кол салып жиберген тентектер болду, алар жоопко тартылат. Эми тартипти орнотобуз. Биз дагы патриотпуз, өлкөнү өнүктүрүүгө бардык аракетти көрүп жатабыз. Бирок өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт, ал үчүн сот бар» , — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчы бул окуядан бийлик сабак алганын, эл да сабак алышы керектигин айтты. Мындан ары ушундай окуя болгондо дароо эле күч органдары катуу чара көрөрүн, бүгүнкү күнү күч органдары алсыз эмес экенин белгиледи.

«Бардык өлкөлөр сырткы мамлекеттер менен байланышта жашайт, бул өнүгүүнүн классикалык түрү. Кыргызстан да ушундай жолго өткөн. Туристтерди тарталы деп жатабыз, бирок келген ырыскыбызды тээп жаткандай сезилет. Биздин да балдарыбыз чет жакта жүрөт. Алар да ушундай мамилеге учурап калышы мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы. Сырттан келгендер билиа алып, иштеп, акыры өз мекенине кетет. Ошолордун калтырган каражатынан салык төлөнүп, ишкерлер пайда таап жатканын, экономикага миллиарддаган акча түшүп жатканын кантип билбейсиңер?» , — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстанда 6300дөн ашуун жумуш орду бош турганын айтып, алдыңкы убактарда да он миндеген жумуш орду түзүлөрүн кошумчалады. Өлкөдө жумушчу күчү жок болгондуктан ишкерлер чет жактан алып келүүгө мажбур болуп жатышканын, эгер азыр алдары ишке албай коюп, жумуш токтосо, экономика токтой турганын кошумчалады.

Ошондой эле бүгүн билим берүү министрлиги жана Пакистандык студенттер окуган университеттин ректорлору маалымат жыйын өткөрүштү. Анда ректорлор 1-2 курстун студенттери кетип жатканын, окуу жана сынактар онлайн форматка өткөнүн айтышты. Учурда 1200дөй чет элдик студент үйүнө кетти.

Маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу күзүндө жаңы окуу жылында азыр кетип жаткан студенттер кайтып келеби же жокпу анын баары кыргыз бийлигинен көз каранды экендигин, алгач студенттердин ата-энелерин Кыргызстанда абал тынчыганын, алардын балдары коопсуз экендигин далилдөө керектигин белгиледи.

«Азыр биз мындай деген чечим кабыл алышыбыз керек болот. 1-2-3 курстарды мүмкүн кете турган болсо, алардын экзамендерин жылдыруу маселеси. Ата-энелери сарсаана болуп жатышат. Биз бүгүнкү күндө коомдук абал турукташканын айтып жатабыз. Алар көчөгө чыгып башташты. Жаңы окуу жылында, тагыраагы күзүндө кайра келеби ал бизден көз каранды, биздин Кыргыз Республикасындагы тиешелүү органдардын баары мобилизация болуп, ыкчам иштей турган болсок, ишендире ала турган болсок алар кайра келишет. Ар кандай кырдаал бар, кээ бир студенттер биз кетпейбиз деп ойлорун айтып жатышат, бирок ата-энелери айтып жатышат окусаң да кел, окубасаң да кел деп чакырууда. Азыр кеткиси келгендердин көпчүлүгү кыздар».

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билим берүү дүйнөдөгү эң чоң бизнес экендигин айтты.

Ал жогорку окуу жайлардын жетекчилерине кайрылып, студенттерден контракттык төлөм алгандан кийин алардын коопсуздугуна да маани берүү керектигин, ички иштер министрлиги менен келишим түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Өлкөдөгү айрым жогорку окуу жайлар чет өлкөдөн келген студенттердин эсебинен инфраструктураны оңдоп, бир топ иштерди жасап алды. Мисалы, Ош мамлекеттик университети инфраструктурасын жакшыртып алды. Анткени чет элдик студенттердин эң көбү – 15 миң 654 чет элдик студент ушул жакта окуйт экен. Алардын көбү Индия, Пакистандан келгендер. Эми аларга ушундай мамиле кыла берсек Казакстан менен Өзбекстанга кетип калышы мүмкүн. Ансыз деле алар да өздөрүнө студент тартканга кызыктар. Окуу жайлардын жетекчилерине кайрылат элем, окуу жайлар студенттердин акчасын алып байыганды билет. Бирок эмнеге алардын коопсуздугун карабайт. ИИМ менен же коопсуздукту караган компаниялар менен келишим түзүп иштеш керек болчу».

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 60 миңге жакын чет элдик студент бар. Алардын көпчүлүк бөлүгү медициналык окуу жайларда билим алышат. Медицина тармагында билим алган студенттердин көпчүлүгү Индия жана Пакистан өлкөлөрүнөн келишет.

Саясат талдоочу Эмил Жороевдин айтымында, Кыргызстан менен Пакистандын мамилеси жаңыдан өнүгүп келе жатканын өлкөлөрдүн катарында.

Анын пикиринде акыркы окуялардын улам өз өлкөсүнө кетип жаткан пакситандык студенттердин кетүүсү Кыргызстан менен Пакситандын мамилелерине терс таасирин тийгизет.

«Албетте, Кыргызстан үчүн Пакистан менен жакшы мамиледе болуу чоң мааниге ээ. Эки өлкөнүн мамилеси бышып келе жаткан болчу. Биз Пакистанда ал жактан келип, бизде окуп жаткан жарандары аркылуу тааныдык. Алардын студенттери, ал жактан келген коноктор биз үчүн өтө мааниге ээ. Азыркы кезде тилекке каршы, бул окуялардан улам жүздөгөн пакистандыктар өз үйлөрүнө кетип жатышат. Бул экт өлкөнүн ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Ал үчүн эки мамлекеттин жетекчилери, бийлик өкүлдөрү, чукул маалымат таратып, өзгөчө Кыргызстан тарап жооптуу мамлекет катары жоопкерчилик сезген бийлик катары, расмий ишендире турган маалымат таратуусу зарыл болуп турат. Менин байкашымча, Пакистандагы бийлик элине бул окуя жөнүндө маалыматын берип, күтүлбөгөн жерден болуп кеткен кылмыштуулукка тиешелүү болгон бейбаштардын кылган иши экенин айтып, тынчтандырууга чакырыптыр анысы өтө жакшы.

Бирок биз тараптан албетте, тиешелүү түрдө биздин өлкөдө болгондуктан биз албетте, бекемирээк ошол жоопкерчиликти алып, ишендирип кетүүбүз зарыл».

Кыргызстандан Пакистанга барып, магистратурада окуп, бир канча жыл иштеп калган Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун пикиринде, Кыргызстан Пакистандан келген студенттер өлкө экономикасына салым кошууда.

Ал студенттерге карата жасалган окуялардан улам аларды башка өлкөлөргө тарттырып жибербесек экен деген ойдо

«Бир топ пакистандык студенттер медицина тармагында Кыргызстанда окуп жатышат. Кыргызстанга келген пакистандык студенттер Пакистандык жогорку окуу жайларда окуган студенттердин бир гана бөлүгү, бул жакта өтө күчтүү болуп окугандары да бар. Ошол эле учурда билими жогору болуп, англис тилин мыкты билгендер Англия, АКШ, Канада да окуп жүргөндөр бар. Бул жака келгендерди баалаш керек, себеби Кыргызстанга эмне үчүн келип жатат? Себеби башка өлкөгө караганда окуу, жашоо шарттары  жакшырак экен ушул мамлекетте деп бири-бирине айтып келип жатышат. 
Кечээки окуяларга чейин пакистандыктарды (ПАКИ) деп атап, жаман жыт чыгат экен деп аларды жек көргөндөр чыгып жатат тилекке каршы. Азыркы учурда булардын канчалык экономикага түз таасирин тийгизгендигин, ар бир жергиликтүү кызматты пайдаланып, таксиге отурушат, тамактанышат, кийим- кече алышат ошентип канчалаган акча дагы кыргызстандыктарга түшүп жатат. Билим берүүнү экспорттоо аркылуу дагы Кыргызстанга канча пайда түшүп жатат. Келген конокторго шарт түзүп, жакшы мамиле кылсак Кыргызстан үчүн аброй болмок. Менин жердештерим унутпашы керек, бизден билим алган ар бир жаран кийинчерек ошолор Кыргызстандын амбассадору болуп калат».

Бишкекте 18-майга караган түнү пакистандык студенттер жашаган жатаканага кол салуу болуп, анда 30га жакын чет өлкөлүк студент жабыркаган. Учурда 14 адам дарыланууда.

Милициянын маалыматына караганда, 17-18-май күндөрү чет өлкөлүк жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу Бишкек гарнизонунун өздүк курамы 2,5 миңден ашуун элдик кошуундар менен бирге туруктуу негизде алдын алуу иштерди жүргүзүп коомдук тартипти жана жарандардын, чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM