Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 308 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 11-майга караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11… + 16, күндүз +16… +21,

Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +15… +20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18… +23,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7… +12, күндүз +20… +25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +18…+20 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM