Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жабыркагандардын дарылануусу курортология институтунда уланат

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 285 | 0

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасында комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияда жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин айтты. Анда аларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабыркагандар 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен айрым жабдыктар иштен чыккан. Жылуулук тармагынын белгиленген температурасы +65-70 градустан +35-40ка чейин төмөндөгөн.

Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM