Биз менен байланышыңыз

Грин-карта утуп алган кыргызстандыктарды АКШда эмнелер күтөт?

Коом | 10 мая 2024 | 452 | 0

Жыл сайын АКШда мыйзамдуу жашап, иштөөсү үчүн DV-лотерея башкача айтканда грин-карт ойнотулат.  Быйыл да жыйынтыгы май айынын башында чыгып, грин-карт уткандардын тизмеси жарыяланды. Жыл сайын 55 миңге чукул жаранга грин-карта чыгат. Лотереядан уткандар дароо эле АКШга кетеби? Грин-карт уткан жарандар ал жакка баруу үчүн кандай документтерди чогулат? Алгачкы сапарында эмнелерди эске алуу зарыл?

Green Card АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Жыл сайын Кыргызстандан он миңдеген жаран грин-карт лотереясына катышат.

АКШга грин-карт уткан кыргызстандыктардын арасында 22 жаштагы Иля Өмүрзаков да бар. Ал грин-карта лотереясына биринчи жолу катышкан.

«Мен грин-карт лотереясына бирини жолу эле катышкам. Толтуруп жатканда грин-карт чыгуусуна аябай эле ишенгем. Азыр кандай документтер керек, эмнелерге көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө маалымат топтоп жатам. Америкага баруудагы негизги максат окуу, ошону менен бирге иштеп, өзүмдү өнүктүрүү».

Айдай көп жылдан бери грин-карта лотереясына катышып келет. Бирок бул жылда ага чыккан эмес. Ал буга чейин атайын грин-карта документ толтурган компаниялар аркылуу да, жеке өзү да толутурп көргөн.

«Мен грин-картаны беш жылдан ашык убакыттан бери толтуруп келем. Бул жылы да чыккан жок, тилекке каршы. Өзүм да толтуруп көрдүм, атайын компанияларга да барып каттатым, айлам кеткенде башка жактан толтурса чыгап калат бекен деген максатта Америкада жүргөн тааныштар аркылуу да толтуп көрдүм. Утуу мүмкүнчүлүгү жогору болуусу үчүн жолдошум өзүнчө мен өзүнчө катышкан элек. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Бара-бара ага болгон кызыгууда азая баштайт экен. Келе жаткан жылы да толтурамбы же жок белгисиз».

 Америка бул программа үчүн жыл сайын 55 миңге чейин виза бөлөт. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 9 миллионго чукул адам катышат. А бирок грин-карта чыкты дегени дароо эле жөнөп кетүү дегенди түшүндүрбөйт. Грин-карта уткандан кийин да бир жылга чукул убакыт даярдануу мөөнөтү берилет.

Чет өлкөгө окууга жөнөткөн компаниялардын биринде эмгектенген Сезим Баркалбасова грин-карта утуп, АКШга кетүүнү каалагандар визага документ толтурууда дыкат болуу керектигине токтолду:

«Грин-карта утуп алгандан кийин DS-260 анкетасы толтурушу керек. Аны толтурууда маалыматтарды англис тилинде туура жазылып жатканыңа, сүрөттү туура тандаганыңа, дарегиң, үй-бүлөлүк абалың, билимиң тууралуу маалыматтардын так экенине көңүл буруу зарыл. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн өзүнчө DS-260 толтурулат. Бул маанилүү учур, эгер сен бүт үй-бүлө үчүн бир форма толтурсаң, анда дароо эле грин-карт программасынан чыгып каласың. Документтерди толтурууда дыккат көңүл буруп окуу керек. Эгер бир документте кандайдыр бир ката болуп калса, жарабай калат. Эгер үй-бүлөлүү болсо, 21 жашка чейинки балдарынын да документтерин толтурат.

Андан кийин маектешүүгө убакыт келет. Ал үчүн бардык документтин түп нускасы жана англис тилиндеги котормосу, медициналык кароодон өткөнүң тууралуу маалымдама, башкысы, маектешүүгө чакыруу алганды тастыктаган документ керек болот. Маектешүүгө баруу үчүн атайын даярдануунун, интернеттеги илимий трактаттарды же күнүмдүк кеңештерди окуунун кажети жок. Эске ала турган нерсе, суроолорго так, ачык, эч нерсени жашырбай, калп айтпай жооп берүү талап кылынат. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтсөң, АКШга жолдомо берилет. АКШ мыйзамы катуу, тыкыр көзөмөл менен иштеген өлкө экени белгилүү. Бара тургандар мыйзамга баш ийип, сабырдуу болуп, ортодон акча бере калып, «документ иштерин тезирээк бүтүрө калайын» деген аракеттерге барбашы керек». 

 Албетте, виза алгандардын баары эле барууга даяр болуп чыкпайт. Айталы, ким бирөө визанын чыгымын төлөй албай калышы мүмкүн; ким бирөө медициналык кароодон өтпөй калышы мүмкүн; ким бирөө аңгемелешүүгө толук даярданбай барып алышы мүмкүн, ким бирөөнүн документтери толук болбой калышы мүмкүн; айтор, грин-карт уткандын баары эле АКШга жөнөп кетпейт. Айрым жарандар лотереяга катышуу үчүн документ толтуруп жатканда ката кетирип алган учурлар да болот. Мисалы үчүн: паспорт боюнча алсак, эгер бир эле тамгадан ката кете турган болсо, анда виза алганга да мүмкүнчүлүк болбой калат, бул уткан күндө дагы жараксыз деп эсептелип калат.

Сезим Баркалбасованын айтымында, грин-карт утуп, ийгиликтүү виза алган жарандар АКШнын жаранындай эле укутарга ээ болот. Бирок шайлоого гана катыша албастыгын айтып берди.

«Грин-карта утуп, Америкага барган жарандар Американын жарандарындай эле укукка ээ болот. Бирок бир гана шайлоолорго катыша албайт. Ошондой эле бардык жерде иштегенге уруксат берилет, ошондой эле балдары болсо, мектепке, бала бакчага тоскоолдуксуз киргизүүгө мүмкүн. АКШнын жарандарындай эле башка чет өлкөлөргө да барып келүүгө болот».

Гүлназ Мамытова  алты жыл мурун грин-карт утуп алып, АКШга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Ал бара тургандар моралдык жана каржылык жактан да даяр болушу керек деп эсептейт.

«Америкага каржылык жактан жакшы даяр болуп келүү керек. Себеби бул жакта бир бөлмөлүү батирдин эң арзаны 1000 доллар, эки-үч бөлмөлүүлөр 1500 доллардан жогору болот. Эгер үй-бүлөлүү, балалуу болсоң, анда метро, автобус менен жүрүү да кыйын, ошондуктан унаа алуу зарылчылыгы пайда болот. Буларды эске алганда башында бир топ эле каражат менен келсең, өзүңө эле жакшы болот. Анткени келгенде дароо эле жумушка орношо албайсың. Документтерди бир нече жума күтүүгө туура келет. Бул убакыт ичинде тамак-аш, баскан-турганыңа капчыгыңда акчаң болушу керек. Алгач Америкага келгенде тааныштардын же туугандардын үйүндө документтер бүткөнгө чейин жашоого туура келет. Келгенде эле дароо батир ала албайсың. Туугандарың же тааныштарың ортомчу болуп, анан алар аркылуу алсаң болот. Ошондуктан Америкада күтүп алар бирөө-жарым болгону жакшы».

 Грин-карт жана башка документтер колго тийип, уруксат берилгенден кийин АКШ жарандары сыяктуу укукка ээ болуп, каалаган жумушка орношууга болот. Эң башкысы, англис тилин үйрөнө келүү пайдалуу. Себеби тил билбегенден улам көптөгөн кыйынчылыкка тушуккандар да бар.

Copyright © 2017 Maral FM