Биз менен байланышыңыз

Япония Кыргызстанга программалоо боюнча мектеп ачууга даяр

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 530 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Марипов инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бура тургандыгын билдирген.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экенин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM