Биз менен байланышыңыз

АКШда 5 күндүк аза күтүү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Фев 2021 | 628 | 0

АКШда коронавирустан улам каза болгондордун саны жарым миллиондон ашкандыгына байланыштуу 5 күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Аза күтүү тууралуу чечимди өлкө президенти Жо Байден жарыялады. Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун саны экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун санынан ашып өткөн.

Бүгүн, 23-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 700 миң 418 адам жуктуруп алды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Аталган өлкөдө вируска кабылгандардын жалпы саны 28 миллион 186 миң 824кө жетти. Анын ичинен 500 миң 201 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM