Биз менен байланышыңыз

АКШ жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы эмдөөгө 4 миллиард доллар бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 731 | 0

Американын президенти Жо Байден жакыр өлкөлөргө вакциналарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн COVAX долбооруна кошкон салымын эки эсе көбөйтүү чечимин кабыл алды. Аны ишке ашыруу үчүн 4 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында 18-февралда жарыяланды.

Байден буга чейин элдин басымдуу бөлүгүн тезинен эмдөө керектигин, бул чара маанилүү экендигин билдирип, эч кайсы өлкө пандемияга каршы жалгыз иш-аракет кыла албай тургандыгы далилденгенин айткан. Каражат 2021-2022-жылдары бөлүнөт.

COVAX — Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан дүйнө өлкөлөрүнө коронавирустук вакциналарды коопсуз жана эффективдүү колдонулушун камсыз кылуу максатында ишке ашырылган глобалдык механизм болуп саналат. COVAXтын миссиясы — демилгеге катышкан өлкөлөрдүн арасында калктын санына жараша эффективдүү дары-дармектерди сатып алуу жана бөлүштүрүү. 2020-жылы декабрда АКШ Конгресси бул долбоорго 2 миллиард долларлык салым кошо тургандыгын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM