Биз менен байланышыңыз

Майкл Жексондун балдары азыр эмне менен алектенишет?

Шоу-бизнес тарыхындагы легендарлуу эстрада ырчысы Майкл Жексон мындан он жыл мурун көз жумган. Ырчынын артында үч баласы калган. Алар азыр кайда? Эмне менен алектенишет? Чет элдик маалымат булактарынан иликтеп көрдүк.

Пэрис Жексон, модель, актриса, 22 жашта

Пэрис атасы жана бир туугандары менен бирге Неверлендде чоңойгон. Пэристин өспүрүм курагы катаал болгон. Кезегинде жергиликтүү басылмаларда анын туугандары менен болгон уруштары, теңтуштары менен баарлашуусундагы көйгөйлөрү, атасы каза болгондон кийинки депрессия, өзүн-өзү өлтүрүү аракети, баңгизатка берилип кеткендиги жөнүндө кабарлар байма-бай чыгып турган.

2012-жылы Пэрис белгилүү журналдын аныктоосу менен «дүйнөдөгү эң сулуу өспүрүм» деп табылган. Беш жыл өткөндөн кийин кыз  «IMG Models» модель агенттиги жана «Calvin Klein» бренди менен келишим түзгөн. Ал журналдарга чыгып, популярдуу бренддердин жүзү болуп, ошондой эле атактуу музыканттардын клиптерине, телекөрсөтүүлөргө, тасмаларга тартылып баштаган. Өткөн жылы автордук «Кое бер» аттуу клибин тартуулаган.

Татуировканы, ар кандай чач жасалгаларды жана ачык макияжды жакшы көргөн Пэрис Жексон сулуулук стандарттарын сактоого деле маани бербейт. Маселен, кээде социалдык тармактагы баракчасына адамга өөн учурай турган сүрөтүн деле жарыялап коё берет.

Жозэф Жексон, продюсер, 23 жашта

Майклдын тун уулу ЭКО жолу менен жарык дүйнөгө келген. Бала кезинде журналистикага жакын болуп, теледе иштөөнү кыялданган. Кийинчерээк режиссер болгусу келип, атайын сценарийлерди жазып баштаган. Максатын ишке ашыруу үчүн режиссура факультетине тапшырып, көп өтпөй бизнес-менеджмент факультетине которулуп кеткен. Окууну аяктагандан кийин «Падышанын уулу» аттуу продюсердик компаниясын ачкан. Жашоосунда жөнөкөй жүргөн жигит мотоциклдерди жакшы көрөт.

Бланкет-Биги Жексон, 18 жашта

Ырчынын кичүү уулу Бланкет 2002-жылы төрөлгөн. Ымыркай кезинде атасы Майкл төртүнчү кабаттагы балкондон көчөдөгү күйөрмандарына көрсөтөм деп жатып, колунан түшүрүп жибере жаздаган.

Эки баласына салыштырмалуу бул баласы Майкл Жексонго көбүрөөк окшош. Жексон кичүү уулуна алгач Бланкет деген ысым ыйгарган. Анын ою боюнча, бул ысым сүйүү жана кам көрүү дегенди билдирет. Бланкет кийин тели-теңтуштарынын шылдыңынан улам, атын Биги деп өзгөрткөн. Биги Жексон университетте окуйт, каратэге жакын, китеп окуганды жакшы көрөт, жөнөкөй кийинет.

Copyright © 2017 Maral FM