Шоу-бизнес тарыхындагы легендарлуу эстрада ырчысы Майкл Жексон мындан он жыл мурун көз жумган. Ырчынын артында үч баласы калган. Алар азыр кайда? Эмне менен алектенишет? Чет элдик маалымат булактарынан иликтеп көрдүк.
Пэрис Жексон, модель, актриса, 22 жашта
2012-жылы Пэрис белгилүү журналдын аныктоосу менен «дүйнөдөгү эң сулуу өспүрүм» деп табылган. Беш жыл өткөндөн кийин кыз «IMG Models» модель агенттиги жана «Calvin Klein» бренди менен келишим түзгөн. Ал журналдарга чыгып, популярдуу бренддердин жүзү болуп, ошондой эле атактуу музыканттардын клиптерине, телекөрсөтүүлөргө, тасмаларга тартылып баштаган. Өткөн жылы автордук «Кое бер» аттуу клибин тартуулаган.
Татуировканы, ар кандай чач жасалгаларды жана ачык макияжды жакшы көргөн Пэрис Жексон сулуулук стандарттарын сактоого деле маани бербейт. Маселен, кээде социалдык тармактагы баракчасына адамга өөн учурай турган сүрөтүн деле жарыялап коё берет.
Жозэф Жексон, продюсер, 23 жашта
Бланкет-Биги Жексон, 18 жашта
Эки баласына салыштырмалуу бул баласы Майкл Жексонго көбүрөөк окшош. Жексон кичүү уулуна алгач Бланкет деген ысым ыйгарган. Анын ою боюнча, бул ысым сүйүү жана кам көрүү дегенди билдирет. Бланкет кийин тели-теңтуштарынын шылдыңынан улам, атын Биги деп өзгөрткөн. Биги Жексон университетте окуйт, каратэге жакын, китеп окуганды жакшы көрөт, жөнөкөй кийинет.