Биз менен байланышыңыз

«Эл ырчысы Эстебес» тобу аялзатынын коомдогу ордун чагылдырган концерт берет

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 848 | 0

«Эл ырчысы Эстебес» тобу Аялдардын эл аралык майрамына карата 7-8 мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт берет. Бул тууралуу топтун мүчөсү, дастанчы Өмүрзак Кайыпов «Маралга» маалымдады.

Маалым болгондой, концертте атайын чынжырлаш сценарий аркылуу коомдогу аялзатынын орду, аларга жасалып жаткан бүгүнкү күндөгү мамиле сыяктуу жагдайлар чагылдырылган философиялык композиция тартууланат. Бул концерттин максаты жөн гана ырдап коюу эмес, аялзатынын ордун даңазалоо, эркектердин аялзатына болгон мамилесин өзгөртүү, жигиттердин намысын ойготуу болуп саналарын Өмүрзак Кайыпов белгилейт.

Концерттин сценарийин КР эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, топтун жетекчиси Аалы Туткучев жазган. Аны КР эл артисти, филармониянын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов сахнага даярдап жатат.

Туткучев: Эл лидерлерди жетелеп калган замандабыз

Copyright © 2017 Maral FM