Биз менен байланышыңыз

Туткучев: Эл лидерлерди жетелеп калган замандабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Ноя 2020 | 927 | 0

Өлкөдө лидерлер элди эмес, тескерисинче эл лидерлерди жетелеп калган заман. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Аалы Туткучев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоодон кийинки башаламандыктарда коомчулуктун чачылган аянтты жыйнашы — элдин аң-сезиминин өскөнүнөн кабар берет. Ал эми элдин үмүтүн актай албай, бийлик талашып, кайра бири-бири менен кырылышып, мушташып жатканы — лидерлердин өспөй калганын көрсөттү.

«Элдин арасында ыктыярчылар чыгып, жакшы жолдо келе жатканы кубантты. Фанат болуп кеткен адамдар көп экен. Мыйзам бузууларга да барышты окшойт. Эң негизгиси, баарыбыз: «Мындан ары жакшы болуп кетсин», — деп, Кудайдан тилеп туралы», — деди акын.

Ал белгилегендей, учурда улуулардын тажрыйбасы менен жаштардын күч-кубатын, энергиясын айкалыштырып алып кетсе, өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болот.

СССР убагы менен эгемендик алгандан кийин тарбияланган адамдарда эки бөлөк түшүнүк бар.

«СССРдин тарбиясын алып калгандардын көбү: «Азыркылардан ыйман кетти, улууларды сыйлабайт», — деп, жаштарды күнөөлөйт. Буга улуу муун өздөрү күнөөлүү. Биз көп учурда «жаштар келсин» дейбиз. Бирок жаштар өздөрүн акылдуу деп ойлошот, ал эми улуулар жаштардын акылсыз экенин билип турушат. Жаштар канчалык билимдүү болбосун, улуулардыкындай тажрыйбасы жок. Улуулар жаштарга жол көрсөтүп, кеңешчи болуп, артында туруп берсе, жштар ишинин майын чыгарып кете алат эле», — деди Туткучев.

Copyright © 2017 Maral FM