Биз менен байланышыңыз

УКМК: ИИМ кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 580 | 0

Кечээ, 7-февралда Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. пара алып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Такталгандай, кылмышка шектүү сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин чыгарып берүү үчүн жарандан акча талап кылган.

Кармалган Ж.Э.А.нын кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда алынган паранын бир бөлүгү табылган.

Жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM