АКШ президенти Жо Байден Орусия бийлиги оппозиционер Алексей Навальныйды бошотуусу керектигин айтып чыкты.
«Мен эртерээк жана эч кандай шарт койбостон Навальныйды бошотууга чакырам», — деди ал.
Байден Навальныйга байланыштуу окуялар тынчсыздандырып жатканын белгиледи.
2-февралда Москва соту орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 3,5 жылга камакка алды. «Ив Роше» иши боюнча 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу жазаны үч жарым жылдык түрмөгө алмаштырды.
Навальный 3,5 жылга түрмөгө камалды (видео)