Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Буга байланыштуу калаанын бир канча көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Мындан улам эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:
— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.