Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун тартиби бекиди

Коом , Кыска кабар | 28 Сен 2024 | 67 | 0

Сламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоонун тартиби жазылган документ менен тааныштырды.

Бейшеналиевдин айтымында, бул тартип дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоодо колдонулган терминдерди жана аныктамаларды ачып берет жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды рынокто жылдыруу, анын ичинде ЖМКда, электрондук маалымат ресурстарында, саламаттык сактоо уюмдарында жарнакты жайылтуу жана жайгаштыруу боюнча жол-жоболорду жана талаптарды аныктайт.

Мындан тышкары, документ жарнакка тиешеси жок материалдардын тизмегин берет жана жарнак материалдарына карата талаптарды, тийиштүү корутунду берүү үчүн аларды ыйгарым укуктуу органга берүүнүн тартибин, ошондой эле жарнактын этикалык критерийлерин аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM