Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун жазган каты боюнча комментарий берди

Без рубрики , Кыска кабар | 27 Сен 2024 | 174 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы активист Мелис Аспековдун жазган каты боюнча комментарий берди. Мелис Аспеков УКМКнын төрагасынын атына арыз жазып, “2020-жылы шайлоо маалында Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып, Садыр Жапаровго алып барып бергенин жазып,  ошол факт боюнча иш козгоону талап кылганы” айтылган.

Камчыбек Ташиев 7tv.kg сайтына берген комментарийинде Мелис Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзүнө алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айтты.

“Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек.  Раим Матраимов миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле?  Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсо — анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”— деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз” , — деди Ташиев.

Мелис Аспеков Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен  7 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (кылмышка даярдык көрүү), 278-беренеси (массалык баш аламандыктар) менен айыптап, күнөөлүү деп табылган.

Активист Мелис Аспеков 2023-жылдын 28-сентябрында жогоруда аталган беренелерге шектелип кармалган.

Мелис Аспеков ушуну менен экинчи ирет жазага тартылып жатат. Буга чейин 2021-жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган.

2022-жылы Биринчи Май райондук соту 7 жылга эркиндигинен ажыраткан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдүн бир жылын кыскарткан.

2023-жылдын 23-майында Президенттин мунапыс берүү жарлыгынын негизинде абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM