Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды жеңди

Кыска кабар , Спорт | 28 Сен 2024 | 69 | 0

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан — Түркмөнстан футбол боюнча жаштар курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. Алдыда 29-сентябрь күнү  жаштар курама командасы тайпадагы акыркы оюнда Жапониянын курамасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM