Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы кармалды

Кыска кабар | 26 Сен 2024 | 226 | 0

Жалал-Абад облусунда Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Аталган борбордо системалуу түрдө акча чогултуу боюнча Базар-Коргон районунун тургундарынан бир нече жолу даттануу жана кайрылуу келип түшкөн. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн («пара алуу») негизинде кылмыш иши козголгон. 25-сентябрда райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун А.З.Ж. аттуу бөлүм башчысы кармалды.

Шектүү эмгекке жарамсыздык баракчасын (ооруканалык) бергендиги үчүн, ошондой эле майыптыгынын тобун аныктоодо медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын оң корутундусун тездеткендиги үчүн жарандардан системалуу түрдө опузалап акча каражаттарын алгандыгы аныкталган. Анын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун камерага жаздырылган.

Учурда кармалган жаранга карата анын жана башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM