Биз менен байланышыңыз

Ухандагы пандемия учурун чагылдырган «Коронация» тасмасы тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 1071 | 2

Кытай кинорежиссеру Ай Вэйвэй коронавирус пандемиясынын очогу болгон Ухань шаарындагы илдет өкүм сүрүп турган оор учурларды чагылдырган даректүү тасма тартты.

Ай Вэйвэйдин айтымында, тасма аралыктан тартылган.

«Бизге дистанциялык режимде иштөө керек болчу. Эмгекти жаратууга көптөгөн кесиптештерим, досторум, жакын санаалаштарым жардам беришти. Ал учурда баары шаарда камалып калышкан эле. Мен алардан телефон менен болсо да, өз жашоосун видеого тартып, жаздырып турууну сурандым», — деген режиссер.

Ээн калган элсиз көчөлөр, машина жүрбөй калган жолдор, калаа көчөлөрүн чымын-куюн аралаган тез жардам унаалары, коргонуучу форманы баштан-аяк чүмкөнгөн медкызматкерлер, беткап тагынып, дүкөндөн же дарыканадан келаткан анда-санда бир адам, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан бейтап… Мындай оор учурлар тасманын ар бир кадрында камтылган.

Тасма тартылганы менен, тилекке каршы, Кытай бийлиги жалпы элге көрсөтүүгө тыюу салган.

«Батыш, көңүл ачуучу контентти сатарын, ал эми Кытай аны сатып аларын билесиз. Андыктан алар бул тасманы, айрыкча мен тарткан фильмди көрсөтүүгө батынышкан жок. Чоң-чоң онлайн платформалар да баш тартты. А бирок тасма «Netflix» менен «Amazonго» жакты. Тилекке каршы, алардын кабыл алуусу үчүн көптөгөн айлар талап кылынат экен», — дейт Вейвей.

Кытай бийлиги канчалык тыюу салганы менен айрым агымдык кызматтар «Коронация» тасмасын өздөрүнүн жеке баракчаларына жайгаштырып беришти. Алардын тизмеси  режиссердун расмий сайтына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM