Биз менен байланышыңыз

«Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 3960 | 0

Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, министрлик учурда илдеттин жаңы түрүнө даярдыктарды көрүп жатат.

«Сырттан учуп келгендерди текшерип, анкета толтуртуп жатабыз. Мындан сырткары анализдерди текшерип жатабыз. Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү чыгып калса, диагностика кылганга бир лаборатория ачтык», — дейт министр.

Ал белгилегендей, коронавирустун мутацияланган жаңы түрү күчтүү. Жарандар санитардык эрежелерди сактап, беткап тагып, колду бат-бат жууп, эл көп чогулган жерде аралыкты сактоо зарыл.

Европанын 41 өлкөсүндө коронавирустун мутацияланган жаңы түрү күчөп, ооругандардын саны миңден ашып жатат. Вирустун жаңы түрү 2-3 эсе бат жугат. Жалпы Европа илдеттин жаңы түрү менен күрөшүүдө.

«Февраль-март айында вирустун III толкунун күтүп жатабыз»

Copyright © 2017 Maral FM