Биз менен байланышыңыз

«Февраль-март айында вирустун III толкунун күтүп жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 4576 | 0

Февраль-март айында вирустун III толкунун күтүп жатабыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы толкунга министрлик, дарыгерлер даяр. 4-5 айга жете турган дары, жеке коргонуу каражаттар бар.

«Муктаж болгон рентген, УЗИ, ИВЛ аппараттарын, кычкылтек концентраттарын даярдадык. Болгон муктаждыктарды чечип беребиз. Учурда башка өлкөлөрдөн кем калбоо үчүн эмдөөгө умутулуп жатабыз. Министрлик бардык аракетин көрүүдө», — дейт министр.

Ал белгилегендей, калкты коронавируска каршы эмдөө үчүн ири каражат керек. Ал бөлүнсө, 2 айдын ичинде эмдөө башталат.

Алгач 200 миң, андан соң 1 млн 200 миң доза вакцина алуу пландалууда. Сунушталган 8 вакцинанын ичинен «Pfizer» вакцинасын алуу үчүн 2 млн доллар керек. Анткени вакциналар өтө төмөнкү температурада сакталат. Ал үчүн муздаткыч сатып алуу зарыл.

«Орусиянын вакцинасын пайдаланууну пландап жатабыз. Биринчи болуп өзүм, үй-бүлөм эмдөөдөн өтөм», — дейт Бейшеналиев.

«Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү Кыргызстанга келет»

Copyright © 2017 Maral FM