Биз менен байланышыңыз

Экзит-полл: Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 700 | 0

Казакстандын экс-президенти, Элбашы Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясы парламенттин төмөнкү палатасы — мажилиске өткөн шайлоодо жеңишке жетти. Бул тууралуу «Коомдук пикир» институту жүргүзгөн экзит-полдун жыйынтыгында айтылат.

Сурамжылоого ылайык, башкаруучу партия катышкан шайлоочулардын 70 %ынын добушуна ээ болгон. Мындан тышкары парламентке дагы эки партия – «Ак жол» менен Казакстан элдик партиясы өтөрү күтүлүүдө. Бул партиялар бийликти жактайт жана мажилистин азыркы курамында да бар. Шайлоого катышкан калган эки партия мандатка ээ боло албай калды. Расмий маалымат боюнча шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 63 %ы катышты.

Бул жолу оппозициячыл топтор саясий өнөктүккө катышкан жок. 10-январь күнү Казакстандын бир нече шаарларында шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн нааразылык акциялары өттү. Айрым байкоочулар шайлоо тилкелерине киргизилбегени айтылды. Бийлик эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирүүдө. Эл аралык байкоочулар Казакстандагы шайлоо оппозицияны куугунтуктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо менен коштолгонун баса белгилешти.

Кечээ, 10-январда Казакстанда парламенттик шайлоо өттү. Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, бул жолку чакырылыштын депутаттарынын дээрлик баары (Казакстан калк ассамблеясына бөлүнгөн 9 мандаттан башкасы) партиялык тизме менен шайланды. Шайлоого жалпы 5 партия: «Нур-Отан» башкаруучу партиясы, 2 оппозициялык «Ак-Жол» менен Казакстан элдик партиясы, ошондой эле «Адал» жана «Ауыл» партиялары катышты.

Бул күнү кандайдыр бир акцияларды уюштурууга тыюу салынып, «тынчтык күнү» жарыланганына карабастан, айрымдар башаламандык жараткан. Анын негизинде кеминде 30дан ашык адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразычылыкка чыккандарга каршы репрессиялык чаралар көрүлбөй турганын, укук коргоо органдары мыйзамдарга ылайык иш алып барарын билдирген.

Кийинчерээк Казакстандын ички иштер министринин орун басары Арыстангани Заппаров шайлоо күнү кармалган демонстранттардын баары бошотулганын маалымдады.

Казакстандын Конституциясына ылайык, өлкө парламентинин төмөнкү палатасы — мажилиске 107 депутат шайланат. Буга чейинки мыйзам боюнча 67 депутат можаритардык система менен, 31 депутат партиялык тизме менен, ал эми 9 депутат Казакстан калк ассамблеясынын квотасы менен шайланып келген. Бул жолку шайлоодо 98 депутатттын (67+31) баары партиялык тизме менен шайланып келүү алдында турат. Ал эми калк ассамблеясы өздөрүнө бөлүнгөн орунга талапкерлерди бүгүнкү ХХVІІІ сессиясында карап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM