Биз менен байланышыңыз

Транспорт министрлигинин статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 568 | 0

Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 7-январда коррупцияга шектелип кармалган.

Эрмек Мамыркалиев 2019-жылдын 12-сентябрында Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалган болчу. Тиешелүү буйрукка мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эрмек Мамыркалиев ага чейин Президенттик Аппаратта, Бишкек шаарынын мэриясында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 2015-жылы Транспорт жана жол министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.

Copyright © 2017 Maral FM