Биз менен байланышыңыз

Абдылда Иманкулов: Ким президент болсо да, сындаганды токтотпойм

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 2226 | 0

Куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Нарынбек Молдобаев Ошто «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан» аталышындагы концерт берип баштаган. Бирок, концерттин экинчи күнү куудулдар саясатты катуу сындаганы үчүн УКМКга чакырылган. Чуулгандуу бул концерт боюнча «Марал» радиосуна куудул Абдылда Иманкулов төмөнкүлөрдү билдирди:

«Ошто беш күн «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан» аталышындагы концертибизди койдук. Экинчи күнү УКМК чакырып, “Концерттеги аткарган интермедиялар, бир аз орой болуп калыптыр», — дешти. Анысын биз деле байкадык, бизден аша чапкандык болуп кетиптир. Өзүбүз деле өзгөртөлү деп жатканбыз. Эми жумуш ар кандай да, бирөө жакшы болсо, кийинки аткарган номериң начар болуп калат. Парламенттин жана өкмөттүн иши мындан да жаман. Биздин туура эмес ишибиз бир-эки адамдын аброюна шек келтирсе, жогору жактагылардын  кээ бир кабыл алган токтомдору, чечимдери мамлекеттин тагдырына балта чаап жатпайбы?!

7-8-январь күндөрү Жалал- Абадда концерт болушу керек эле, пандемия деп болбой калды. Бирок, президенттике талапкерлер эл менен чогулушун өткөрүп эле жатат. Керек болсо, айрым маданият үйүндөгүлөргө «ушулар келсе концертин койдуртпагыла» деген буйрук берилиптир.

Бирок, президенттикке талапкерлердин кимиси мамлекет башына келсе да, мен сындайм. Себеби менин жумушум ошо, буга чейин деле саясат тууралуу сатираларды ойноп келгенбиз. А. Акаев, К. Бакиевдин убагында, жадагалса кечээги С. Жээнбековдун убагында деле «Садага болоюн, кара-кулжалык»- деп сатира ойногонбуз. Мындай нерселер болуп эле келген, мындан кийин деле сатирабыздан түшпөйт. Керек болсо, биз мурун эле ойногон интермедиялар азыр кайталанып жатат. Саясатчылар  биздин жашоону түзүп берип жатпайбы. Азыркы учурда талаш- тартыш болуп жаткан парламенттик же президенттик башкаруу деп карапайым элдин да башын айландырып жаткан нерсени биз мурун эле чагылдырганбыз. А азыркы күндө актуалдуу болуп турат».

Абдылда Иманкулов: Мени сыйлыкка президент өзү көрсөтүптүр

 

Copyright © 2017 Maral FM