Биз менен байланышыңыз

Абдылда Иманкулов: Мени сыйлыкка президент өзү көрсөтүптүр

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 5426 | 0

Бүгүн, 17-январда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анын арасында куудул Абдылда Иманкуловго КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Абдылда Иманкулов бул тууралуу төмөнкүдөй комментарий берди:

«Эчтен көрө кеч дегендей, ушуга да рахмат. Менин чыгармачылыкка аралашканыма быйыл 35 жыл толду. Мурда өзүм аракеттенип, сыйлык алуу үчүн аракет кылган да эмесмин. Бир да депутатка, бир да кабинетти барып эшигин каккылаган эмес. Менин угушум боюнча бул сыйлыкка көрсөтүү президенттин өзүнүн демилгеси болуптур. Ошондуктан ыраазычылык билдирем. Мен сыйлык берсе калпагымды көккө ыргытып сүйүнүп, бербей койсо таарынып жатып калган мезгилден өтүп кеттим. Тынар Курбаналиев тамашалап айткандай “Бул сыйлыкты алып көрбөгөн жаны бул сыйлыкты түшүнбөй жатат, куттуктагандарды жаңы жылдык тосттой эле кабыл алып жатат” дегендей болуп турам. Колдогондорго ыраазычылык«.

 

Copyright © 2017 Maral FM