Биз менен байланышыңыз

160тан ашык жаранга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Билим-маданият | 17 Янв 2019 | 1299 | 0

Бүгүн, 17-январда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кишиге өлкө башчы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында жөнөкөй жумушчудан тартып, окумуштуу, академик, маданият кызматкерлери да бар.

Куудул Абдылда Иманкулов чыгармачылыкка 35 жылдан бери аралашып келет. «Сыйлык бербей койсо таарынган убакыттан өткөнмүн» деген куудул быйыл президенттин жарлыгына ылайык, Эмгек сиңирген артист наамына татып отурат. Бул сыйлык алуу ал үчүн күтүүсүз болгон. Анткени аны сыйлыкка президент өзү көрсөткөнүн  айтат.

— Эчтен көрө кеч дегендей, ушуга да рахмат. Менин чыгармачылыкка аралашканыма быйыл 35 жыл толду. Мурда өзүм аракеттенип, сыйлык алуу үчүн аракет кылган да эмесмин. Бир да депутатка, бир да кабинетке басып барып эшигин каккылаган эмесмин. Менин угушум боюнча бул сыйлыкка көрсөтүү президенттин өзүнүн демилгеси болуптур. Ошондуктан ыраазычылык билдирем. Мен сыйлык берсе калпагымды көккө ыргытып сүйүнүп, бербей койсо таарынып жатып калган мезгилден өтүп кеттим. Тынар Курбаналиев :“бул сыйлыкты алып көрбөгөн жаны бул сыйлыкты түшүнбөй жатат, куттуктагандарды жаңы жылдык тосттой эле кабыл алып жатат” деп тамашалаган абалда болуп турам. Колдогондорго ыраазычылык.

Өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыгандардын арасында маданият өкүлдөрү, мугалимдер, энергетиктер, ишкерлер да бар. Алардын бири Токтайым Матназарова. Ал Токтогул ГЭСинде 40 жылдан бери эркек кишилер менен тең тайлаша иштеп келет. Бул эмгеги үчүн ага президент Ардак грамотасын тапшырды.

-Аял киши үчүн ГЭСте иштөө кыйын. Айрыкча мен балдар бригадасында иштеген үчүн, жалгыз электрослесармын. ГЭСтер эскилиги жеткендиктен авариялык учурлар болот. Ошол учурда сен аял киши болгонуңа карабай өз ишиңди так аткарышың керек. Түнкү убакытка чейин иштөөгө туура келет. Бирок эч качан өкүнбөймүн. Мен үчүн сыймык.

Ошондой эле өмүрүн, жашоосун өзүнүн жумушуна, кызматына арнагандардын арасында 90 жаштагы Любовь Зубехина да бар. Жашы 90го барып калса да тажрыйбалуу хирург жаш муундарга үйрөтүүдөн тажабайт. Ага президент даңк медалын тапшырды.

Бул сыйлык жалпы мен менен иштеген кесиптештеримдики деп билем. Мен күчүм жеткенге чейин ушул кесибимде иштеп, кызмат кылууга аракет кылам. Азыр да жаш муундарга, жаш кадрларга, хирургдарга өзүмдүн тажрыйбам менен бөлүшүп, иштеп келем.

Көпчүлүктүн эсинде Арноо концерти менен калган диктор Бактыбек Мамытов дагы сыйлык алгандардын катарында. Сыйлык алууну күткөн эмесмин деген диктор Эл артисти наамын президенттин колунан алды.

Сыйлыкка жетем деп ойлогон эмесмин. Бирок элдин ушунчалык кубанып, кубаттап жатканын көрүп мен да толкунданып турам. Албетте, силерди көрсөтүп жатабыз деп документтерди сурагандан бери болот же болбойт деп жүрдүк. Кудай буйруп сыйлыкка ээ болдук. Бул бизге жаңы кадамдарды жасоого түрткү болот.

Мамлекеттик сыйлык энергетика тармагына өмүрүн арнаган Карыпбек Алымкуловго да тапшырылды. Улуттук энергетика системасынын түптөлүшүндө анын орду чоң экенин белгилеген президент Карыпбек Алымкуловго 2-даражадагы Манас орденин тапшырды.

-Ар бир мамлекеттик сыйлыкты алуу чоң сыймык. Дайыма эле сыйлыктар сен татыктуу болгон үчүн бериле бербейт. Аны актоо да керек болот. Бул сыйлыктар иштөөгө түрткү болот.

Мына ушундай сыйлыктарды тапшырып жатып президент Сооронбай Жээнбеков сыйлык алгандар ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзый турганын бегиледи.

Экономиканы көтөрүү, элдин жашоо-шартын оңдоо, бакубат турмушту орнотуу-биздин башкы милдет. Бул максатты ишке ашырууда сиздер сыяктуу эмгек адамдарынын жардамы чоң мааниге ээ. Бугүн жөнөкөй жумушчудан тартып, окумуштуу, академик, маданият кызматкерлери сыйлыкка татыктуу болуп отурасыздар. Адамдын коомдогу кадыр-баркы-таза эмгек, ак ниеттүүлүк, мекенчилдик сапаттар аркылуу гана бааланышы зарыл.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар окумуштуу, академик, маданият кызматкерлерине, дарыгер, мугалимдерди, калкты тейлөө кызматынын алдыңкыларына сыйлык тапшырды.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM