Биз менен байланышыңыз

Абдылда Иманкулов: Жакында сатира-юмор театры ачылат

Жакында сатира-юмор театры ачылат. Бул тууралуу КР эмгек сиңирген артисти, куудул Абдылда Иманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маданият министри Азамат Жаманкулов белгилүү куудулдарды чакырып, кеңешме уюштурган. Анда республикалык деңгээлдеги сатира-юмор театрын ачуу демилгеси көтөрүлгөн.

«Маданият министри жакында эле мени, КР эл артисти Келдибек Ниязов баш болгон куудулдарды чакырып, республикалык деңгээлде сатира-юмор театрын ачабыз деген оюн айтты. Бул — чындыгында жакшы саамалык. Аны иш жүзүнө ашырсак болот. Министр бизди сынадыбы, айтор, «Бул театрга кимиңер башчы болосуңар?» — деген суроосун узатты. Мен дароо эле: «Келдибек Ниязов, Жамбыл Камчиев, Күмөндөр Абылов, Абдылда Иманкулов, Борончу Кудайбергенов — булар башчы болбойт», — дедим. Себеби биз бир кабинет алып, башкаргандан көрө, сахнада талантыбызды элге тартууласак, көбүрөөк пайда келтиребиз. Буюрса, театр ачылып калса, баарыбыз биримдикте кеңешип, жакшы программа түзүшүбүз керек», — деди Иманкулов.

Айта кетсек, манасчы, төкмө акын, дастанчылардын башын бириктирген Кыргыз улуттук «Манас» театры ачылып, учурда алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатат. Мындан улам Маданият министрлигине куудулдардын да республикалык театрын ачуу сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM