Биз менен байланышыңыз

Абдылда Иманкулов: Колумдан куудулдуктан башка нерсе келбейт

Марал шоу , Мезгил жана мен | 28 Апр 2022 | 16525 | 0

Тээ эгемендик алган жылдарда жылдызы жанып, ошондон бери сахнадан түшпөй келген, элдин жүрөгүн сатира-юмор, күлкү менен дарылаган, учурдагы терс көрүнүштөрдү сатира, интермедия аркылуу «оңдоп» турган КР эмгек сиңирген артисти, куудул Абдылда Иманкулов «Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу болду.

— Бала кезиңизде кайсы кесиптин ээси болууну кыялданчу элеңиз? 

— Мен бала кезимден куудул, артист болом деп эңсечүмүн. Ошол тилегиме жеттим. Башка кесип, кызмат, жумушту ойлоп да койгон жокмун. Мектепти бүткөндөн кийин балчы болуу үчүн училищада окуп, анан армияга кеттим. Ал жактан келген соң, азыркы тандап алган чөйрөгө аралашып, казанында кайнап келе жатам.

— Кыргыз сатирасынын азыркы абалы кандай?

— Бул тармактын абалы буюрса, жакшы деп ойлойм. Бирок, элдин баарына жагуу кыйын. Биз колдон келишинче аракет кылып, иштеп жатабыз. Мына ушул өнөрдү аркалап, эмгектенип, дайыма гастролдоп жүргөн — бир гана мен.

Куудулдук өнөр — кыргыз элинин тарыхында мурдатан келе жаткан өнөр. Кайсыл учурдан калыптанып, кабыл алынганын так айта албайм. Ал эми куудулдук, какшык, сатира Жараткан берген талант да. Бул өнөр муундан-муунга өтүп келе жатат.

— Интермедиялардын көпчүлүгү жашоодон алынабы?

— Сөзсүз түрдө жашоодон алынат. СССР учурунда чектөөлөр болуп, бир рамкадан чыкчу эмеспиз. А азыр андай эмес. Ар кимибиз колубуздан келишинче иштеп жатабыз.

— Кыргыз сатирасын өнүктүрүү боюнча сиздин жеке көз карашыңыз, сунуштарыңыз…

— Кыргыз сатирасы илгерки мезгилге караганда бир топ жакшы. Ар бир доор, мезгилдин өзүнүн убагына жараша тамаша, сатирасы болот. Илгери чабандарды, ичкиликке берилгендерди гана элге айтып чыгышса, чоңдорду, саясатты интермедия кылып жаратуу кыйын болчу. Азыркы доордо көбүнчө саясатка, коомго жараша тамашалар жаралат. «Убагында айтылбаса, сөз атасы өлөт» демекчи, ар бир мезгилде, өз убагында айтылып турушу кажет. Кээ бир сатиралар ошол мезгилде элге абдан жакшы көрүнүп, кабыл алынат. Бир нече убакыт өткөндөн кийин актуалдуулугун жоготот. Кээ бир тамаша, интермедиялардын өмүрү узун болот. Канча жыл өтсө да унутулбайт.

— Казак, өзбек куудулдарынын деңгээли менен кыргыз куудулдарынын деңгээлин салыштыруу туурабы?

— Салыштырса да, салыштырбаса да болот. Маселен, Өзбекстандын куудулдарын жаман деп айта албайм. Анткени бизге караганда алардын сөз эркиндиги чектелүү. Казак, өзбек туугандар учурунда биз айткандарды айта алышкан жок. Кээ бир сатираларды казак туугандар бизден алып, сахнада ойноп жүрүштү. Алардын кээ бир интермедияларын биздин балдар деле колдонуп жүрүшөт. Демек, бул чыгарма да. Белгилүү драматургдун даярдаган спектаклин бир театр койсо, аны башка театрлар деле коёт. Коом, жашап жаткан жашообуз салыштырмалуу бирдей болуп калса, ал сөзсүз түрдө күлкү пайда кылат.

— Шакирт тарбиялап жатасызбы?

— Ыраматылык Рахман Разыковдой атайын топ ачып, тарбиялаган жокмун. Азыр көп бала менен жүрөм. Интермедия жазылып, аны сахнадан ойноп жатканда «бул жери мындай, ал жери тигиндей болот, басып барбайт, бул жерден чыгып кет» деп үйрөткөн учурлар болот. Ал көрүнүштү устат катары көрүшөбү, же жокпу, алар өздөрү билишет. Мынча баланы тарбиялап, өнөрүн ачтым дегенден алысмын.

— Азыркы учурда эл кандай сатираларды кабыл алат?

— Албетте, кайталанбаган жапжаңы, жашоодон алынган интермедияларды күтүшөт. Январь айында жаңы программа менен эл кыдырып келдик. Март айында да гастролго такыр башка программа түзүлдү. Аны бизди көргөн эл өздөрү таразалап алат. Азыр дагы башка өңүттөгү программа даярдап жатабыз.

— Балалык, жаштык кезди эске салып, айтып бериңиз?

— Мен Токтогул районунун Толук деген айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам көп жыл бою жылкы бакты. Ал кезде Союздун мезгили болуп, ачарчылык, жамандык көргөнүбүз жок. Анткени СССР дүркүрөп, күндөн-күнгө өсүп, өнүгүп турган кези эле. Эң кызыгы, студент болгон эмесмин. Мектепти бүткөндөн кийин эле Байтик айылында балчылардын училищасы бар экен, ошол окуу жайга тапшырып, бир жыл окугам. Кээ бири башка окуу жайга аракет кылат го. Менде андай ой болгон жок. Балалыктагы «куудул болом» деген кыялымды иш жүзүнө ашырып, шаарга келүү максатым эле. Азыр мектепте «үчкө» окуганы деле, «бешке» окуганы деле сөзсүз түрдө окууга тапшырат да. Ал ата-энесинин үйүн сатабы, кантип каржылайт, контрагын кантип төлөйт, айырмасы жок. Илгери мектепти «3» деген баа менен бүтсөң, жогорку окуу жайга барбашың керек деген түшүнүк бар эле. Азыр болсо, аттестатына карабайт.

— Жашооңузда чоң бурулуш учур болду беле?

— Чоң бурулуш жасайм деген ой жашаган эмес. Токтогул театрында 6-7 жыл иштедим. Андан кийин Ошто Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония ачылып, кабыл алуу жүрүп, ыраматылык Жаныбек Алыкулов экөөбүз барып, иштеп калдык. Кийин Союз ыдырады. Ошол мезгилде Рахман, Жамбыл, Манас, Дөөлөт «Аралаш»деген топ ачып, өздөрүнчө жүрүшчү эле. Бир күнү «Сен бизге кошул, өзүбүзчө топ болобуз», — дешип, алар менен аралашып, 15 жылдай чогуу иштедик. Өзүм моюндайм, колумдан бул өнөрдөн башка нерсе келбейт. Анткени мектепте бизди «алып сатууга, бирөөнү алдоого болбойт. Аны кызыл кулак дейт» деп тарбиялашкан. Кээ бир биз теңдүүлөр, заманды билип-түшүнүп калгандар коммерциялык бизнеске кетишти.

— Жан дүйнө жаңырыгы сизге кандай талаптарын коёт?

— Биз дайыма изденүү жолундабыз. Бул өнөр кээде жок дегенде 10-15 күн өзүнө байлап алат. Даярданган учурда уйку да качат. Жакшы ойлор, материалдар түн бир оокумда пайда болот. Күн-түн алмашат. Үйдөгүлөр менен да сүйлөшө албай каласың. Мени жакындан билген жоро-жолдоштор туура түшүнүп, тоскоолдук жаратпайт. Эл деген даяр продукцияны көрөт да. Сен аны азыр таба койгондой кабыл алышат. Ар бир жаралган интермедияны көп жолу ойлонуп, «Буга айтсам, тигиге тийип калбайбы? А соттошуп калсам, кантип акталам?» деп, ар бир жагын кылдат карап чыгасың. Эл билбеген көп нерселер бар (күлүп).

— Чыгармачылыкта жубайыңыздын көрсөткөн колдоосу тууралуу кеп кылсак.

— Мен артист болгондон кийин үйлөндүм. Өзү: «Биз бири-бирибизди түшүнгүчө балалуу-чакалуу болуп калдык», — деп айтып калат. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Биринчи сынчың аялың болот экен. Ойногон интермедияң дайыма жакшы боло бербейт да. Өзүңдүн оюңда баары жакшы, ал эми сахнада элге ойноп жатканда ошондой таасир бербей коёт. Же болбосо, өзүңдүн акылыңда туура, ал эми көрүүчүлөр үчүн туура эмес айтып алышың мүмкүн. Анан сырттан эле адамдар сага сын-пикир айтса, алардыкын кабыл албайсың. Өзүң кетирген күнөөңдү, жаңылганыңды сезип туруп, кетип бара жатсаң, ал нерсени тутантып, жаныңда аялың: «Эмнеге минтип айттың? Туура эмес айтып алдың го?» — десе, ал сөз өтө оор тиет.

— Сахнада  өнөктөш тандайсызбы?

— Көп жылдан бери чогуу иштеп жүргөн өнөктөш болот. Алар бири-бирин көзү аркылуу сезип, азыр эмне деп айтарын, андан соң кантип жыйынтыктаарын футболчулар бири-бирине «пас» беришкендей эле билип турат. Жаңы өнөктөш болсо, коркуп турасың. Бир аз башкачараак айтсаң, жооп берем деп, башка нукка буруп ийиши мүмкүн.

— Абдылда агай, маегиңизге чоң ырахмат. Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз көп болуп, ийгилик коштоп жүрсүн!

— Мамлекетибиз тынч болсун. Союздаш, тилектеш мамлекеттерде  болуп жаткан кырдаал басылып, жакшы жагына чечилсин. Мен өзүмдүн жакшы жашоомду кааласам, анда биринчиден, элге аманчылык тилешим керек. Себеби артисттин жашоосу карапайым элдин жашоосуна жараша болот. Бизден мурда элде болсун, журтта болсун деп тилейм!

Copyright © 2017 Maral FM