Биз менен байланышыңыз

Шайлоодогу үгүт концерттерге тыюу салынышы мүмкүн

Коом | 16 мая 2019 | 1171 | 0

2020-жылы өтө турган шайлоодо үгүт иштеринин убагында ырчы-чоорчулардын катышуусундагы концерттерге тыюу салынышы мүмкүн. Мындай мыйзам долбоорун эл өкүлү Бакыт Төрөбаев демилгелеп жатат. Ал муну менен бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү максат кыларын айтат. Анткени, үгүт учурундагы ырчы-чоорчулар сурай турган акчаны бардык эле партиялардын төлөп берүүгө чама-чаркы жетпеши мүмкүн. Ал эми бул демилгеге маданият өкүлдөрү кандай карашат?

Маалым болгондой буга чейин үгүт иштери ырчы-чоорчулардын концертисиз өтпөй келген. Бирок, эми ал концерттерди үгүт максатында коюуга тыюу салуу сунушталып жатат. Мындай маанини камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи эл өкүлү Бакыт Төрөбаев мыйзамдын максаты партиялардын баарына бирдей шарт түзүү экенин билдирди.

— Шайлоодо көңүл ачуучу иш-чараларга тыюу салууну сунуштап жатабыз. Анткени, ырчылар сураган сумманы бардык эле партиянын төлөөгө чамасы жете бербейт. Ооба, мен буга чейинки шайлоолордо концерт бердиргем, эгерде бул сунушум өтпөй калса, кийинки шайлоодо деле концерт бердирүүгө даярмын. Бирок өзүбүздү гана ойлобой, башкаларга да шарт түзүш керек.

Айрым маалыматтарга ылайык, буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө ырчылар ырдоо акысын 30 миң долларга чейин баалап келишкен. Ал эми алып баруучулар 1000 доллардын тегерегинде. Мындай иш-чаралардын негизинде чыгармачылыгында бир топ клип тарттырып, жадагалса үй алгандар да бар. Бирок алар бул мыйзам колдоо таап калса, чыгармачылык, андан тапкан киреше токтоп калбайт дешет. Эстрада ырчысы Нурлан Насип: «Үгүт иштериндеги концерттерсиз да жашоо өтө берет», — деп, буларга токтолду.

— Ырыскыбыз баары бир келе берет. Ал концерттер болбосо, башка жактан таба беребиз. Жашоо өтө берет. Эгерде сунуш түшсө иштейбиз, тыюу салса, башка жактан да киреше тапса болот.

Буга чейинки жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, шайлоо өнөктүктөрүндө башкы сапта турган ырчылардын бири Самара Каримова шайлоодо жакшы эле киреше табыларын жашырбайт. «Бирок ал үгүт концерттерисиз деле чыгармачылык боло берет», — дейт. Анын үстүнө үгүт иштеринде чогулган эл саясатчы үчүн эмес, концерт үчүн келет деп буларга токтолду.

— Биз бир гана шайлоону карап отурган жерибиз жок. Элдин жакшылыгы, концерттер бар. Эми депутаттардын үгүт учурундагы концерттерге тыюу салуусун мен туура көрбөйм. Анткени, ошол чогулган эл чыгармачыл кишилердин ырын угам деп келишет.

Алып баруучу Элмара Турсуналиева 25 жылдык тажрыйбасында бир канча шайлоодогу үгүт иштеринде алып баруучулук кылган. Сунуш түшсө кийинки шайлоолордо да кызматташууга даяр. Анын пикиринде, азыр саясатчылар өз алдынча элди топтой турган деңгээлге жете элек.

— Азыр белгилүү, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчылардын бир концертке чыккан баасы 1000 доллар. Мен билгенден Г. Сатылганова, М. Атабеков, Г. Тойгонбаева, Нурлан Насип сыяктуу белгилүүлөр ушундай баада ырдашат. Ал эми алып баруучулар 300-500 доллардын тегерегинде. Балким, мындан көп же аз болушу мүмкүн. Мындай иш-чараларда так акы айтылганы менен, ич ара сүйлөшкөндөр да болушу мүмкүн. Мисалы, менин алып баруучулук акым 1000 доллар. Бирок кандай болгон күндө саясатчылар ырчыларсыз элди топтой алышпайт. Аны мен так кесе айта алам.

КР Эмгек сиңирген артисти, куудул Абдылда Иманкулов эл өкүлүнүн демилгесин үгүт ишине катышууга кызыкдар болгондордун укугун тебелөө деп баалайт. Анткени, өзү үгүт иштериндеги концерттерде партиянын саясаты туура келсе, аларды акысыз колдоп берүүгө даяр.

— Менин акысыз үгүт жасаган учурларым да болгон. Эң негизгиси мага ал партиянын идеясы туура келиш керек. Эми бул депутаттын айтканын менин укугумду тебелөө деп баалайм. Мен кааласам үгүт жасайм, кааласам кылбайм дегендей. Анда бул депутат өзү каалаган жол менен элди топтоп алсын.

Белгилей кетсек, үгүт концерттерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Copyright © 2017 Maral FM