Connect with us

Депутат: Бишкекте Лениндин эстелигинен башка да маселе көп

Кыска кабар | 16 Янв 2025 | 103 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Маселиев парламенттин 16- январдагы жыйынында эски аянттагы Лелиндин эстелиги боюнча маселе көтөрдү.

Анда ал депутаттарга кайрылып, Бишкекте Лелиндин эстелигинен сырткары да бир катар маселелер бар экендигин айтты.

«XX-XI кылымда тарыхты тез эле унутуп калган адат пайда болду. Кечээгини унутканга аракет кылып жатабыз, бул чоң ката… Мен эч кимди туура же туура эмес деп айта албайм, бирок суранат элем, Лениндин эстелигин алуу маселесин козгобой турсак. Өтүнүч», — деди депутат.

Масалиев ошондой эле Турдакун Усубалиевдин эстелиги Лениндин айкелинен 200 метр аралыкта турарын айтты.

“Бул демилгенин убактысы келе элек. Токтоп туралы. Бишкекте эстеликтен тышкары толтура маселе бар, мисалы, ыш. Келгиле, ошолорду чечели. Лениндин тарыхый эстелиги боюнча маселени токтотуп туралы. Биз үчүн, кыргыз калкы үчүн совет бийлиги көптөгөн жакшылык алып келген. Муну эстеп жүрөлү”

Лениндин эстелигин алуу сунушун киргизген Нурбек Сыдыгалиев бул жөн гана сунуш экенин, аны өкмөт чече турганын айтты.

Буга чейин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Эски аянттагы Владимир Лениндин эстелигин алып, анын ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM