Биз менен байланышыңыз

Андижандын акими 10 мүнөттүк сөзүндө 81 жолу «урматтуу президент» деди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Дек 2020 | 3034 | 0

Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов 25-декабрь, бейшемби күнү өткөн Жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө 81 жолу «урматтуу президент» деп мамлекет башчысына кайрылды. Бул тууралуу «Gazeta.uz» гезити жазды.

Маалыматка ылайык, облус башчысы бул сөз айкашын орто эсеп менен ар бир 7 секунд сайын айткан. Мисалы, Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров болсо аталган иш чарада «урматтуу президент» деген сөздү 22 жолу (ар бир 34,3 секундада) колдонгон.

25-декабрда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Жаштар форумунда сөз сүйлөп, анда өлкөнүн жаштарынын алдында турган көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун белгилеп, бир нече акимдер менен баарлашып, алар өз аймактарында аткарылган иштер боюнча отчет беришкен.

Андижан облусунун акими өлкө башчысы менен болгон баарлашуу учурунда жаштар менен иштөө, аларды жумуш менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө айткан. Облустук администрация башчысы 10 мүнөттүк сөзүндө “Мухтарам Президент” (“Урматтуу Президент”) деген сөздү эң көп кайталаган.

Copyright © 2017 Maral FM