Биз менен байланышыңыз

Казакстанда министр жергиликтүү вакцинаны алгандан кийин антитела пайда болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 826 | 0

Казакстандын Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцинаны алгандан кийинки тест анда COVID-19га карата «гуморалдык жана клеткалык иммунитет» пайда болгонун көрсөткөнүн билдирди.

Сыноо иретинде эмдөө алган министр кандайдыр бир оорлошууну сезбегенин кошумчалады.

Аймагамбетов 24-декабрдагы брифинг учурунда «тирүү штаммды жуктургандан көрө, нейтралдаштырылган, инактивдүү вирустан турган вакцинаны алган оң экенин» айтты.

Билим берүү жана илим министри QazCovid-in вакцинасын август айында алганын жарыялаган. Сентябрда ал коронавируска каршы казакстандык вакцина орусиялык «Спутник V» вакцинасынан жакшы экенин айткан.

Ушул тапта Казакстанда QazCovid-in вакцинасын үч миң ыктыярчыга сыноо башталды.

Бул арада казак бийлиги 2021-жылдын февралынан тартып калкты «Спутник V» менен эмдөө жүрөрүн билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM