Биз менен байланышыңыз

Мусаев Өзбекстан коронавирусту жеңгенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2020 | 751 | 0

Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Бехзод Мусаев өлкөдө коронавирус менен ооругандар дээрлик жок калганын билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Саламаттыкты сактоо системасына акыркы отуз жылда болуп көрө элек эң көп суммадагы акча бөлүндү. Бул оору үчүн зарыл болгон дары-дармекти дүйнөнүн кайсы гана жеринен болбосун, алып келип жаттык. Чет өлкөдөн адистер алынып келинди. Натыйжада Өзбекстанда коронавирус менен ооругандар дээрлик калган жок», –деди Мусаев.

Соңку расмий маалыматтар боюнча 19-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 75 675 адамды түздү. Алардын ичинен 73 099у сакайып, 612си каза тапты.

Өзбекстанда коронавирус боюнча статистикага илдети лабораториялык түрдө тастыкталган бейтаптар гана киргизилет. Ошол эле маалда пневмония менен ооругандар бул тизмеде жок.

Copyright © 2017 Maral FM