Биз менен байланышыңыз

341 адамдан коронавириус аныкталды

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 312 | 0

Кыргызстандын аймагында акыркы бир суткада дагы 341 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Алар:
  • Бишкек шаарында 112 адам;
  • Ош шаарында 4 адам;
  • Чүй облусунда 93 адам;
  • Ош облусунда 14 адам;
  • Талас облусунда 6 адам;
  • Нарын облусунда 2 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 58 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 35 адам;
  • Баткен облусунда 17 адам.

Ошентип, Кыргызстанда жалпы 77 миң 59 адамдан коронавирус жана пневмония тастыкталган. Ошол эле учурда өлкө аймагында дагы 453 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, акыркы сутканын ичинде ооруканадан чыгарылды.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 69 миң 794 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.

Кошумчалай кетсек, акыркы суткада Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирустан 1307 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM