Биз менен байланышыңыз

Түркия пандемиянын үчүнчү толкуну башталганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2020 | 548 | 0

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа өлкөнүн ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын жарыялады. Министр азыркы карантиндик чектөөлөр толугу менен сакталбаса, мындан да оор чараларды кабыл алууга мажбур болорун белгиледи.

Министрдин айтымында, COVID-19дун жаңы толкуну Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Стамбул, Бурса, Кожаэли, Измир шаарларында катталууда.

Өлкөнүн 15 провинциясындагы оорулуулардын саны 50%га өсүп, Стамбул, Анкара сыяктуу ири шаарлардагы реанимациялардын 70%дан ашыгы толуп калган.

Министр азыркы чектөөлөр менен вирусту токтото албаса, Түркия бийлиги катаал чараларды колдонууга өтөрүн белгилейт.

Түркияда 467 миң 700дөн ашык адам коронавирус менен катталган, анын 12 миң 900дөйү оорунун курмандыгы болгон.

Дүйнөнүн бир канча шаарында карантин режими кайрадан узартылды

Copyright © 2017 Maral FM