Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн бир канча шаарында карантин режими кайрадан узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2020 | 463 | 0

Дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы 60 миллиондон ашты. Анын ичинен 38 миллион 635 миңдейи айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 419 миңден ашык бейтап каза болду.

АКШда коронавирустан улам бир күндө 2400дөн ашык адам каза болуп, бул акыркы алты айдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Ал эми акыркы суткада 200 миңге жакын адам вирус жугузган.

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден америкалыктарга кайрылып, коронавируска каршы чараларды эки эсе көбөйтүүгө чакырды. Ал майрамды салтка айлангандай үй-бүлө мүчөлөрү менен жоон топ болуп чогулуп белгилебей, айылчылабай турууга үндөдү.

Европадагы бир катар өлкөлөр ушул айдын башында пандемиянын экинчи толкунунун алдын алуу үчүн чектөөлөрдү киргизген. Германияда киргизилген чектөөлөр 20-декабрга чейин кайрадан узартылды, абалга жараша жаңы жылга чейин узартылышы мүмкүн экендиги айтылууда. Канцлер Ангела Меркель азырынча чектөөлөрдү алып салуу эрте экенин билдирди. Бул күнү Германияда коронавирустан улам 410 адам каза болду.

Ал эми Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри өлкөнүн ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын жарыялады. Министр азыркы карантиндик чектөөлөр толугу менен сакталбаса, мындан да оор чараларды кабыл алууга мажбур болорун белгиледи.

Ошондой эле Орусияда да карантин узартылды. Орусиянын борбор калаасы Москвадагы коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөр 15-январга чейин узартылды. Бул тууралуу шаардын мэри Сергей Собянин маалымдады.

Мэриянын сайтында маалымдалгандай, Москванын 65 жаштан улуу жана өнөкөт оорулары бар тургундарына үйдөн чыкпоо сунушталат. Ошондой эле дистанттык түрдө иштөө режими узартылды.

Компаниялардын кеминде 30 % кызматкерлери аралыктан иштеши талап кылынат.

Собяниндин айтымында, шаар боюнча COVID-19дун жайылуусу кооптуу бойдон калууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM