Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда чиновниктердин салмагы көзөмөлгө алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 459 | 0

Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлиги чиновниктердин ашыкча салмагын онлайн режиминде көзөмөлдөө тутуму 2021-жылдын 1-июлунда башталарын билдирди. Бул тууралуу kun.uz. сайты жарыялады.

Алгач чиновниктердин семирүүсүн баалоонун критерийлери иштелип чыгып, андан кийин рейтингдин негизинде анализдөө жана жыйынтыктарды онлайн мониторинги чыгарылат.

Ошондой эле, 2021-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлер үчүн жумуш учурунда гимнастика кылууга атайын тыныгуулар берилет.

Буга чейин, 30-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Дени сак жашоону кеңири жайылтуу жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча чаралар» жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Документте 2021-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери «семирүүнүн алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо» максатында жумасына жок дегенде бир жолу спорт менен машыгат деп белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM