Connect with us

Жонсон өзүнчө обочолонууга өттү

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 466 | 0

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өзүн изоляциялоого өттү. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазды. 

Ал коронавирус аныкталган адам менен байланышта болгондуктан, обочолонуп жүрүү сунушталган. Жонсон учурда өзүн жакшы сезип жатканын жана коронавирус инфекциясынын белгилери жоктугун билдирген. 

Өкмөт башчы Даунинг Стрит шаарында ишин улантууда.

Эске салсак, Борис Жонсон жаз мезгилинде коронавирус жуктуруп алган, оор абалда ооруканага түшүп, бир ай дарылангандан кийин кызматына кайтып келген.

Copyright © 2017 Maral FM