Биз менен байланышыңыз

Жонсон кайрадан шайланды. Эми Брексит ишке ашабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 535 | 0

12-декабрда өткөн парламенттик шайлоо боюнча Улуу Британиянын азыркы премьер-министри Борис Жонсон кайрадан шайланды. Ага ылайык, Жонсон жетектеген консервативдик партия 650 мандаттын 327сине ээ болмокчу.

Мындай жыйынтык 31-январга чейинки тоскоолдуксуз Брекситке жол ачат.

Консерваторлор 31-январга чейин Брекситти ишке ашырып, Европа Биримдигинен чыгып кетүүнү көздөп турушат. Лейбористтер болсо макул эместигин билдирип, бул келишимди колдобой келишкен.

Европа кеңеши Британиядагы шайлоонун расмий жыйынтыктарын күтүп жаткан, чечим кандай болбосун аны сый мамиле менен кабыл алат. Ошондой эле, Брекситтин кийинки кадамдарын талкуулоого даяр. Бул тууралуу Европа кеңешинин жетекчиси Шарль Мишель билдирди.

Эске салсак, британ парламенти бир чечимге келе албагандыктан, 29-мартта аткарылышы керек болгон Брексит келишими 3 ирет артка жылдырылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM