Connect with us

Британиянын өкмөт башчысы Жонсон коронавирусту жуктуруп алганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 873 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын айтты. Ал учурда үйдө изоляцияда болгонун жана жумушун үйдөн аткарып жатканын кошумчалады.

Буга чейин британ ханзаадасы Чарльздын COVID-19 илдетине кабылганы маалымдалган. Анда вирустун жеңил эле белгилери байкалганын, абалы жакшы экени айтылган.

Улуу Британияда жалпы 11812 адам коронавирус менен катталган, алардын 500дөн ашыгы каза тапкан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-март күнү коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

COVID-19 коронавирусу чыккандан бери дүйнө жүзүндө жарым миллиондон ашык адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын 24 миңи көз жумса, 126 миңдейи вирустан сакайган.

Чет өлкөдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды

Copyright © 2017 Maral FM