Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө 5 кыргызстандыктан коронавирус табылды

Кыска кабар | 27 Мар 2020 | 3181 | 0

Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык жарандан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен:
Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран;

Пакистанда – 3 жаран;

Испанияда — 1 жаран.

«Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда», — деди Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 58 адамдан коронавирус табылды. Алгачкы жагдай 18-мартта катталган.

27-март: Дагы 14 жарандан коронавирус аныкталды, жалпы 58ге жетти

Copyright © 2017 Maral FM